Достору тамашалайбыз дешип туулган күн ээсин өлтүрүп алышты

21 декабря 2020 Достору тамашалайбыз дешип туулган күн ээсин өлтүрүп алышты

Улуу Британиянын жашоочусу Саймон Холдер 30 жашка толуп, юбилейин белгилеп жатканда досторунун тамашасынан улам көз жумду. Бул тууралуу Daily Star басылмасы кабарлайт.

Саймон өзүнүн туулган күнүн катерде достору менен спирт ичимдигин ичип белгилегиси келген. Майрамдап жаткан учурда анын мас болгон достору туулган күн ээсин сууга түртүп жиберишет. Британиялык жаран суудан чыгып, катерге олтурайын дегенде катердин винтине (бурамасына) илинип калат. Көп кан жоготкон жигит ооруканада көз жумган.

Полиция иликтөө иштеринин жүрүшүндө адам кокустан каза болду деген тыянакка келишкен.