13-жашар кызды зордуктагандар акталып, сот залынан бошотулду

19 декабря 2020 13-жашар кызды зордуктагандар акталып, сот залынан бошотулду

13-жашар зордукталган кыздын туугандары Тоң районунун соту Сабыр Сооданбековдун чечимине нааразы экенин Kaktus.media'га билдиришти. Ал зордукчуну актап, сот залынан бошоткон.

Адвокат Айнура Асанованын айтканына караганда, ал ишке соттук тергөө жүрүп жатканда кирген жана үч айыпталуучу иши бирге эмес, үч башка каралып жатканы аны таң калдырганын билдирди.

"Бүгүн, 2-декабрда, Ысык-Көл облусунун, Тоң районунун соту Сабыр Сооданбеков 25 жаштагы К.уулу Ж.ге актоочу чечим чыгарган. Ал 13 жаштагы кызды зордуктагандыгы үчүн айыпталып жаткан болчу, К.уулу Ж. сот залынан эле бошотулду", - деп адвокат нааразы болду.

Калган соттолуучулар 25 жашар С.уулу Э. жана 45 жашар К.У. соттун чечимин күтүп жатышат, анткени алардын иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

"Сот С уулу Э.ни да актап чыгат өндөнөт, күнөөнүн бардыгын К.Уга илип коюшат. Бирок иштин материалдарына ылайык алардын күнөөлөрү далилденген, кыз аны зордуктаган эркектерге тикелей көрсөтмө берип жатат. Психиатриялык экспертиза кыз алдабай турганын көрсөттү", - деди Осмонова.

13 жашар кыздын байкеси Талант Байсеитов Сабыр Сооданбеков сотунун актоочу чечиминен шок абалында экенин айтты.

"Биз соттошобуз жана соттун чечимине макул эмеспиз. Прокурорлор 15 жылга кесилүүсүн талап кылышкан, а бирок К. уулу Ж. толугу менен акталды жана сот залынан кое берилди", - деп Байсеитов нааразычылыгын билдирди.

Эмне үчүн иш Тоң райондук сотуна берилгенин такыр түшүнбөй жатканын баса белгиледи. Тергөө ишин ИИМ алып барып жаткан, ал эми Генпрокуратура ишти Бишкектин Биринчимай райондук сотуна жиберилсин деп токтом чыгарган. Бул жерде коррупциялык элементтер байкалууда.

"Сот экинчи айыпталуучуну да актап чыгарат окшойт. Күнөөнүн бардыгын 45 жаштагы К.У.га илип коюшат. Бирок жасаган кылмышы үчүн бардыгы жаза тартыш керек болчу", - деди Байсеитов.