Ысымыңыз КАНЧА ТАМГАДАН турат? Анын да СЫРЫ бар

18 декабря 2020 Ысымыңыз КАНЧА ТАМГАДАН турат? Анын да СЫРЫ бар

Адамдын атындагы тамгалардын саны дагы адамдын жүрүм-турумуна таасир этет окшойт.

Кайсы гана эл болбосун, балага ат коюуда анын келечегине таасири тиерин эске алышкан. Кыргыздын түшүнүгүндө да ошондой. Ал эми нумерологдор баланын аты гана эмес, анын канча тамгадан турат экени да келечектеги өмүр жолунун, инсандык сапаттарынын калыптануусуна таасири бар дешет.

Үч тамга

Аты үч тамгадан турган адамдар -  кылдат жана узак мөөнөттүү чечим кабыл алуунун чеберлери. Максатына жетүү үчүн канча күч менен убакыт жумшоо керек болсо, көздөгүнөн кайтпайт, эч нерсе токтото албайт. Ага кошо, өз пикири менен көз карашын өзгөртүү да кыйын. Ошондуктан, алар менен пикир келишпектик жаралса, урушпай эле койгон туура. Алар абдан кайраттуу жана ишенимдүү дос боло алат.

Төрт тамга

Төрт тамгадан турган ысымдуу адамдар үй жумуштарына эптүү, чебер, токтоолугу жана тырышчаактыгы менен белгилүү. Сырткы көрүнүшү жагымдуу, мүнөзү жумшак, бир аз өжөрлүгү да бар. Башкалардын оюнда өзү тууралуу жакшы ойду калыптандыруу, таасирлентүү жана комплименттерди угуу үчүн көп күч жумшайт.

Беш тамга

Эгер ысымда беш тамга болсо, мындай адамдар өздөрүнүн баасын билишет. “Кийимге карап кабыл алат, акылына карап мамиле жасайт” деген сөздү туу тутушат. Демек, ал кийиминин жана сырткы көрүнүшүнүн кемчиликсиз болушуна кам көрөт.

Алты тамга

Алфавиттеги алты тамганын башын кураган ысымдын ээлери үчүн адамдын сырткы келбети абдан маанилүү. Ал бул жаатта өз келбети үчүн бир топ иштерди жасап, таанышкан адамдын сырткы көрүнүшүнө баа берет. Ал айланадагылар аны мактап, суктануу менен карашын күтөт. Бир аз текебер, бирок ошол эле учурда өзүн-өзү камсыз кыла алат, кандай гана кырдаал болбосун көз карандысыз.

Жети тамга

Ысымы жети тамгадан турган адамдар келечекке бекем ишеним берет. Алар алдыга максат коё билет, активдүү жашоо образын карманат жана ар дайым адилеттүүлүк болушун каалайт. Табиятынан оптимисттер өзүнүн кажыбас кайраттуулугу жана көөнөрбөс энергиясы менен айланасындагыларга оң энергия жана түрткү берет.

Сегиз тамга

Сегиз тамгалуу аттын ээлери көпчүлүктүн кыялы. Себеби, абдан сүйүкүмдүү, жагымдуу, дайыма элдин назарында жүрүшөт. Көз каранды эмес, чынчыл, ар дайым мыкты жана алдыда болгонду каалашат. Кандай болсо дагы каалаган натыйжага жетишет.

Тогуз тамга

Тогуз тамгадан турган ысымдын ээлери үчүн өзү тууралуу башкалардын ою абдан манилүү. Жөнөкөй, табышмактуу, жагымдуу, бир аз ишенчээк жана агым менен жүрүүнү туура көрөт. Тайманбас кадам, тобокелге баруу аларга мүнөздүү эмес.