"Ынтымак" мелдешинде баш байгеге Талас районунун көк бөрүчүлөрү ээ болду

3 декабря 2018 "Ынтымак" мелдешинде баш байгеге Талас районунун көк бөрүчүлөрү ээ болду

Таластын Манас районун жеңип алган Чүйдүн Жайыл району үчүнчү орунду ээледи.

 "Ак-Кула" ат майданында өтүп жаткан "Чүй — Талас ынтымагы" көк бөрү турниринде Талас районунун улакчылары баш байгени багындырды.

Финалдык беттеште Талас облусунун Кара-Буура райондору кез келген. Айыгышкан беттеш 6:3 эсеби менен жыйынтыкталды. Ал эми Таластын Манас районун жеңип алган Чүйдүн Жайыл району үчүнчү орунду ээледи.

"Ынтымак" мелдешинде эки облустун төрт районунан сегиз команда чыгып күч сынашты. Таластан Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондору жана Чүйдөн Жайыл, Аламүдүн, Токмок, Сокулук райондору команда курап келген. Буга чейин ушундай эле турнир Таласта өтүп баш байгени Сокулук командасы уткан.

Байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

Биринчи орун — 200 миң сом;

Экинчи орун — 150 миң сом;

Үчүнчү орун — 100 миң сом;

Төртүнчү орун — 80 миң сом. 

Ушул эле турнирдин алкагында өткөн ардагерлердин кармашында дагы Талас облусунун командасы жеңүүчү болду. 



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Табылды Кадырбеков