1 тонна бешбармактын Гиннеске кириши 2018-жылдын эң мыкты долбоору

3 декабря 2018 1 тонна бешбармактын Гиннеске кириши 2018-жылдын эң мыкты долбоору

"1 тонна бешбармакты Гиннеске киргизүү 2018-жылдын эң мыкты долбоору",- деп жазып чыкты белгилүү журналист жана активист Элнура Кулуева "фейсбуктагы" баракчасына.

Кыргыздар эт, бешбармак жейт, кымыз ичет, боз үйдө жашайт, дүнүйө жыйбайт, өзүлөрү шамдагай, кылычтары курч, аттары күлүк, жаасы мыкты, чөгөлөп бирөөгө баш ийбеген, өрттөн жалтанбаган, жоодон тайманбаган, баатыр, мырза эл болот.Кыргыз эӊ байыркы эл катары океандай “Манасты” жана миӊдеген руханий байлыктарды жараткан, тарыхта империяларды, мамлекеттерди курган.

Кыргыз эли Азиянын борборундагы байыркы эл катары узун жана кызыктуу тарыхында далай жолу өзүнүн Ата Мекенинен ажырап, кайра душмандарды кууп чыгып, түбү түптүү эл катары кайра чогулуп, биригип, ынтымакка келип, улуттун, кыргыздын намысын туу тутуп, уук сайып түндүк көтөргөн.

1 тонна бешбармакты Гиннеске киргизүү аракети бул улуттук чоң долбоор болду. 2018-жылдын эң мыкты , сыймыктуу долбоору болду..Улуттук тамагыбыз бешбармагыбызды даңазалоо менен кыргыздардын тамак-аш индустриясын дүйнөгө жайылтууну максат кылганбыз. Жайылттык. 130 тилде чыгарылган китепте бакыйып жазылып турат.

Идеяны ,демилгени дал ушул концепциянын астында көтөрүп ишке ашырдык. Мына ушул улуттук демилгени кол сунуп колдогон , ишке ашырууга чоң эмгек кылгын мыктылар сүрөттөгү инсандар.Кыргыз улутуна кызмат кылдыңыздар! Сиздерге жалпы кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирем! Улут үчүн күйүп жасаган бул эмгеңер тарых алдына айтылат. Балбак Зарлыкович, сизге таазим!!!!!!!!!!

 

Булак: Элнура Кулуева