Тапкан акчасынын көбүн тамак-ашка жумшаган өлкөлөр аталды. Тизме

14 декабря 2020 Тапкан акчасынын көбүн тамак-ашка жумшаган өлкөлөр аталды. Тизме

Статистика боюнча экономикалык кырдаал жакшы, айлык акы көп төлөнүп берилген мамлекеттерде адатта тамак-ашына үй-бүлөлүк бюджеттин 15 пайызын гана жумшашат.

Казакстан менен Россиянын эли үй-бүлөлүк бюджетинин көбүн тамак-ашка сарптайт. Ал эми азык-түлүккө каражатты аз жумшаган өлкө деп Люксембург табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аталган басылманын эксперттери Европа мамлекеттеринде үй-бүлөлүк бюджеттин ичинен тамак-ашына кайсы өлкө көп, кайсынысы аз акча корото турганын сураштырып, салыштыруу рейтингин түзүшкөн. Чыгымы азыраактар рейтингдин алдыңкы катарынан орун алышкан.

Статистика боюнча экономикалык кырдаал жакшы, айлык акы көп төлөнүп берилген мамлекеттерде адатта тамак-ашына үй-бүлөлүк бюджеттин 15 пайызын гана жумшашат. Калган бөлүгү билим берүү, көңүл ачуу, саякаттоого керектелип, үйлөрүнө ар кандай буюмдарды алышат.

Ал эми айлык аз төлөнгөн мамлекеттерде тапкан кирешенин теңинен көбү эле тамак-ашына кетип калары айтылды.

Рейтингдин сап башын Люксембург өлкөсү ээледи. Бул мамлекеттин эли азык-түлүккө үй-бүлөлүк бюджетинин 8,4 пайызын гана керектейт. Андан кийинки орунда Нидерланддар менен Улуу Британия турат. Алар тапканынын 10,6 пайызын тамакка сарпташат экен. Алардан кийинки кезекти Германия, Норвегия, Австрия, Финляндия сыяктуу өлкөлөр ээлеген. Айтор, рейтингдин алдыңкы катарынан орун алган мамлекеттердин көбү эле экономикалык жактан өнүккөн Батыш Европа мамлекеттери.

Азык-түлүк, тамак-ашка эң көп каражатты мурдагы СССР мамлекеттери жана Европанын чыгыш бөлүгүндөгү өлкөлөр корото турганы аныкталган. Казакстан рейтингде эң акыркы орунга илинген. Бул мамлекеттин эли үй-бүлөлүк бюджеттин көбүн эле тамак-ашка сарптайт. Тагыраагы, 49,9 пайызы азык-түлүккө кетет.

Украина менен Молдова да 40 пайыз менен тизменин акыркы сабына илинген.

Ал эми Россиянын эли тапкан акчасынын 29,7 пайызын сарптап, тизмеде 31-орунда көрсөтүлгөн.

sputnik