Диетолог сүт азыктарынын пайдасы менен зыянын айтып берди

11 декабря 2020 Диетолог сүт азыктарынын пайдасы менен зыянын айтып берди

Сүт азыктары аминокычкыл, пайдалуу май, кальций жана фосфорго бай. Бирок ашыкча колдонгон учурда ден соолукка зыянын тийгизип коюшу ыктымал. Бул тууралуу диетолог Светлана Фустун айтымына таянып РИА Новости жазды.

Диетолог белгилегендей, сүт азыктарын ашыкча колдонгон учурда организмде кальций көбөйүп кетет. Бул калкан безине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ошондой эле организмде кальций көп болгондо темир менен цинкти жууп кетет. Жыйынтыгында кычкылтек жетишсиз боло баштайт.

Адис сүт азыктарын көп колдонуу балдарга да, чоңдорго да зыян экенин айтып, айрым учурда ал ашыкча салмакка алып келиши мүмкүн экенин божомолдогон.

Ошол эле учурда сүттүн курамындагы кальций арыктатуу касиетине ээ деп жазылат маалыматта. Диетолог сүт азыктарын күн сайын ичип-жесе болорун айтып, болгону чектен ашпоо керектигин белгилеген.

sputnik