Үй-бүлөсүн башкаргысы келген аялда жатын оорулары пайда болот

11 декабря 2020 Үй-бүлөсүн башкаргысы келген аялда жатын оорулары пайда болот

Оорунун психологиялык себебин билсеңиз, аны дарыгерсиз эмдей аласыз. Оорунун кандай, эмне себептен пайда болорун изилдеген окумуштуулар бар. Эгер дарттын пайда болушунун психологиялык себебин билсеңиз, аны эмдөө да оңой болот.

Биз ооруну өзүбүзгө өзүбүз “чакырабыз”

Биздин денебиз – биздин көз карашыбыздын, ой жүгүртүүбүздүн сырткы көрүнүшү, же ички жай дүйнөбүздүн күзгү сыяктуу чагылышы. Ал эми аялдардын жыныстык жактан ооруларынын пайда болушунун 5 себеби бар:

  1. Аял өзүнүн сырткы келбетин, туруш-турпатын кабыл албаган учурда;
  2. Өзүн аял катары сезбеген, же сезгиси келбеген учурда;
  3. Бирөөнүн сүйүктүүсү боло албаганда;
  4. Коомдук жумуштарга активдүү аралашып, үй-бүлөсүн башкарууга умтулганда;
  5. Эркекти жек көргөндө.

Эсиңизде болсун, эгер үй-бүлөлүү болуп туруп башка эркекке көз артсаңыз, жатын оорулары пайда болот. Сиздин денеңиз менен жан дүйнөңүз бир бүтүн. Мындан улам, жашоо мыйзамына карама-каршы психологиялык шарттардын таасири денеңизден оору түрүндө орун алат. Бул изилденген. Түшүнүктүү болсун үчүн аялдардын жыныс ооруларынын бир катарына токтолуп көрөлү.

Жатын моюнчасынын эрозиясы

Себеби: Жатын моюнчасынын эрозиясы – аялдын намысы тебеленгенинин белгиси. Аял катары сиздин намысыңызды бирөө тебелеп-тепсегенине ишенесиз. Өзүңүздү аял катары кандай алып жүрүүнү билбейсиз. Алсак, жатын моюнчасынын рагы менен ооруган аялдардын 90% алгач жатын моюнчасынын эрозиясы менен жабыркагандар.

Мындан кийин: Жүрүм-турумуңузду, мамилеңизди, өзгөчө эркектерге болгон мамилеңизди өзгөртүңүз.

Жатын рагы

Себиби: Эгер күйөөңүздөн, же башка эркектен жабыр тартып, аны кечире албай жүрсөңүз, бул ыза жүргүңүздө муз болуп тоңуп калса, этият болуңуз! Жатындын шишиги – бул эркектерге болгон таарыныч. Ызанын топтолушу жана аны ар дайым эстей берүүнүн кесепети. Эсеңизде болсун операция жасаган менен оорунун себеби жоголбойт.

Мындан кийин: Таарынткан, азап тарттырган, сиз күнөөлүү деп санаган эркектерди кечире билиңиз.

Жыныс органдарынын сезгениши

Себеби: Бул өзүнө өзү ишенбегендик, тынчсыздануу, өзгөдөн өзүн төмөн сезүү, башкалардан артта калдым деп санааркоо. Жалпысынан өзүн төмөн деп эсептеген аялдардын жыныс мүчөсү тынымсыз сезгенип турат.

Мындан кийин: Өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатыңыз. Сиз табияттын өзгөчө, эч кимге окшоштурбай жараткан адамысыз. Өзүңүздү жакшы көрүңүз.

Айыздын циклинин бузулушу

Себеби: Кан айлануунун бузулушу өзүн өзүн жек көрүүдөн келип чыгат. Төмөнкү окуя буга далил. Жаш кыздын кан айлануу цикли бузулат. Анын себебин аныктоо үчүн кыз өзүнүн балалыгын эстейт. Апасы: “Мен кыз эмес, уул күттүм эле” деп көп айтчу. Мындан тышкары, үйдө уул балага көбүрөөк көңүл бөлүнгөн. Убакыт өтүп баары унутулат. Бирок, кыздын таарынычы сакталып, аял болуп калыптанышына терс таасирин тийгизет. Аялдын өзүнүн аялзаты экендигинен күмөн саноосу эркектерди жек көрүү менен тыгыз байланышта.

Мындан улам: Эркектерге чыныгы аялдык көз караш, назик сезим менен карай билүү керек.

Эгер денедеги ушундай оорулардан арылгыңыз келсе, анын себептерин жок кылыңыз. Оорунун психологиялык себептерин жоюу үчүн дары-дармек да, дарыгер да талап кылынбайт. Ойду гана өзгөртүү керек.