Жыныстык катнаш менен көп алектенген мырзалар узак жашашат

10 декабря 2020 Жыныстык катнаш менен көп алектенген мырзалар узак жашашат

Баланы дүйнөгө алып келүү эненин милдети болсо, ал эми жатындагы баланын дени сак болушу атанын ден соолугунан көз каранды. Ден соолугуна кам көргөн эркектер дарыгерге кайрылардан мурун бир нече эрежелерди эске алышы абзел. Мындан улам мырзаларга арналган 3 кеңешти сунуштайбыз.

1. Жыныстык катнаш менен көп алектенген мырзанын өмүрү узун болот

Эркектерди эң көп чынсыздандырган суроолордун бири – “Эркектик күч-кубатты кантип узак сактоого болот, андан айрылып калбаш үчүн эмне кылыш керек?”

Адистердин жообу бирөө эле: канчалык эркек сүйүү кумарына көп батса, ошончолук күч-кубаты узак сакталат дешет. Урологдор жыныстык катнаш менен көп алектенгендердин өмүрү узак болорун айтышат. Эркектер үчүн төшөктөгү ал-күчүн сактап калуунун бир жолу- такай секс менен алектенүү. Эгер дене жакындыгы туруксуз, өнөктөшү бат-бат алмашып турса, эрекцияга терс таасирин тийгизет. Ал эми эрекция булчуң сыяктуу, ал тынымсыз машыгып турушу керек.  

Экинчи маанилүү нерсе: жыныс мүчөсүн таза кармап, инфекциядан алыс болуш керек. Инфекция – эркектик күч-кубаттын чоң душманы.

2. Жыныс мүчөсүн чоңойтуу керекпи?

Бул маселе да эркектерди көп ойго салат. Анткени, окумуштууларга мырзалар ушул суроону көп беришет экен. Жыныс мүчөсүнө күңүлү толбогон эркектер буларды билүүгө тийиш:

  • Жыныс мүчөгө операция жасатуу ден соолукка терс таасир тийгизиши мүмкүн
  • Жыныс мүчөсүн алмаштыруу көргөн көзгө жана психологиялык жактан гана натыйжалуу болушу мүмкүн, ал эми жыныстык кошулууга таасир этпейт
  • Операция жасатып жыныс мүчөсүн чоңойткон эркектер кошулуу учурунда рыхатын сезбейт

Операцияга барардан мурун ушуларды эске алуу керек.

3. Мырзалар ажатканага тез-тез барса, простатит менен жабыркайбы?

Ден соолугуна кам көргөн ар бир эркектин берген суроосу ушул. Ажатканага тез-тез каттоо кайсы бир оорудан кабар бербейт. Болгону жеген тамак-ашынан көз каранды болушу мүмкүн.

Ал эми төмөнкү маселелер пайда болгондо кабатырланса болот:

  • Түндө ажатканага көп бара баштаганда;
  • Ажатканага барганда заара ушатуу кыйынга турганда.

Мындай учурда дарыгерге кайрылуу керек. Болбосо жыныстык катнашка эмес, башка ички органдарга да зыян болушу мүмкүн.