Адаштык. "Дженгонун" тобундагы адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты. Видео

10 декабря 2020 Адаштык. "Дженгонун" тобундагы адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты. Видео

"Дженго" каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобуна кирген эки жаран УКМК жүргүзгөн түшүндүрүү ишинен кийин кылмыш дүйнөсүнөн чыгууга убада беришти. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Видео

Экөөнүн 52 жана 37 жаштагы жарандар экени айтылды.

"Жаштык кезимде кызуу кандуулукка алдырып, уюшкан кылмыштуу топтордун катарына аралашып калган экенмин. Азыркы күндө мыйзам жолунда жашайм. Буга чейин жасаган каталарымды толугу менен түшүндүм", — деди 52 жаштагы жаран.

Кармалгандарын экинчиси да туура жашоого өтөрүн айткан.

"Мурда адашып туура эмес жолго түшүп кеттим. Бүгүндөн баштап кылган күнөөмдү сезип, мыйзамга баш ийип жашайм", — деди экинчиси.

Атайын кызматтын билдиришинче, экөө тең мурда соттолуп, "Дженгонун" кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрү болгон.

Эске салсак, УКМК Кадыр Досоновго издөө жарыялаган. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.


sputnik