Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео

10 декабря 2020 Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында парламенттин алтынчы чакырылышын таратуу талабы менен митинг өтүп жатат.

Активисттер бүгүн эртең менен "шылдың килемин" төшөп коюшкан. Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда.

Видео

Видеого депутат Пархат Тулендыбаевди митингчилердин "Позор!" деп кыйкырып тосуп алып жатканы түшүп калган. Андан соң кадрдан депутат Анвар Артыковдун нааразы болгондор менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

Акцияга чыккандар эл өкүлдөрүнөн Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум дайындоо демилгесин кайтарып алышын талап кылып жатышат. Эскерте кетсек, тиешелүү мыйзам долбоору кечээ биринчи окууда кабыл алынган.

Бүгүн депутаттар аны экинчи окууда карамакчы.

Референдумду 10-январда өтүүчү президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү пландалып жатат. Анда кыргызстандыктарга башкаруунун парламенттик же президенттик формасын тандоо сунушталууда.

sputnik