9 декабря 2020
АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча утулуп жатканына карабай, экинчи мөөнөткө калам деген ишеничте экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Билдирмеге ылайык, Трамп Ак үйдө сүйлөп жатып негизги штаттардан утканын айтып, Байдендин командасын дагы бир жолу алдамчылыкка айыптаган.
"Кийинки администрация деле Трамптын администрациясы болот деп үмүттөнөм. Добушту алдамчылык жолу менен уурдап алган жарабайт", — деген АКШнын азыркы ажосу.
Маалым болгондой, азыр дээрлик бардык штаттар шайлоонун жыйынтыгын чыгарышты. Анда Жо Байден алдыда келе жатат. Азыркы президенттин жактоочулары бир нече штатта шайлоонун жыйынтыгын карап чыгууну талап кылууда, бирок майнап чыккан эмес.