"Урал аба жолдору" Кыргызстанга РФтин 8 шаарынан учактар каттай турганын айтты

9 декабря 2020 "Урал аба жолдору" Кыргызстанга РФтин 8 шаарынан учактар каттай турганын айтты

Россиялык "Урал аба жолдору" компаниясы РФтин сегиз шаарынан Бишкек менен Ошту көздөй чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу ишкананын Instagram баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, мындай чечим Кыргызстан дүйнөнүн бардык мамлекеттерине чек арасын ачкандан кийин кабыл алынган. Азырынча туруктуу рейстер тууралуу сөз козголо элек.

Учактар Кыргызстанга Москва (Домодедово аэропорту), Жуковский, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Нижневартовск, Казань, Красноярск жана Самара шаарларынан учат.

Билеттер uralairlines.ru сайты, мобилдик тиркеме жана авиакассалар аркылуу сатылып жатканы белгиленди.

Авиакомпаниядан эскертишкендей, жүргүнчүлөр учакка отурар алдында COVID-19 менен оорубаганын тастыктаган маалым катты көрсөтүшү керек. ПЦР-тестти 72 саат мурун тапшыруу зарыл.

Рейстердин расписаниесин авиакомпаниянын сайтынан билсе болот.

sputnik