Жакшы эркектин курсагы жок болушу керек. Дарыгерден видео кеңеш

9 декабря 2020 Жакшы эркектин курсагы жок болушу керек. Дарыгерден видео кеңеш

Ашыкча салмак коронавирус менен ооруган эркектер үчүн абдан кооптуу, толук кишилер бул илдетти оор көтөрөт. Каза болуп жаткандардын көбү да ашыкча салмагы барлар. Бул маалыматты кыргызстандык уролог Нурбек Моңолов социалдык тармактагы slovo_doctoru деп аталган каналда айтты.

Видео

"Ашыкча салмак коронавирусту албаганда деле негизи кишилерге зыян... Жакшы эркектин курсагы жок болушу керек. Салмак оор болушу мүмкүн, бирок курсакта май жок болгону туура. Семиздик коронавирустан сырткары жалпы жүрөк оорусу, нерв системасынын оорулары, эркектик касиеттин же рак кеселине болобу, айтор, тобокелдик жаратат. Салмак чоң болсо абдан абайлаш керек", — деген дарыгер кезектеги кеңешин берип жатып.

Улуттук статистика комитети жакында эле жарыялаган маалыматында Кыргызстанда аялдарга караганда эркектер ашыкча салмак менен көбүрөөк жабыр тартарын билдирген.

sputnik