Аял курбусунун бир жашар баласын 13-кабаттан ыргытып жиберди

8 декабря 2020 Аял курбусунун бир жашар баласын 13-кабаттан ыргытып жиберди

Бир жашар бала көз жумду. 4-декабрь күнү аял курбусунун баласын Новомосковская облусунун жашоочусу үйлөрдүн биринин 13-кабатынан ыргытып жиберген. Окуя Летчик Ульянин көчөсүндө болуп, бир жашар бала көз жумган.

“Батирде баланын энеси менен анын курбусу болгон, алдын ала болжол боюнча, курбусу баланы терезеден ыргытып жиберген”, - деп айтылат тергөөчүлөр тараткан маалыматта. Аялдын мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатышат.