18+: аял эркектин “КААЛАГАНЫН БЕРБЕЙ” жүрсө, 4 себеби бар

8 декабря 2020 18+: аял эркектин “КААЛАГАНЫН БЕРБЕЙ” жүрсө, 4 себеби бар

Аялыңыз “жок!” деп терс карап жатып ала береби?

Мындай көйгөй жубайлардын көпчүлүгүндө кездешет. Бирок “каалабай жүрөт, баш тартты” деп даттангандардын көпчүлүгү эркектер экен. Балким, даттанганга турарлык себеби бардыр?! Балким, эркектердин "нааразычылыгынын" себеби жаратылыштадыр?!

Себебин издеген эркек алгач өзүнөн “күнөө” издеши керек.

Психологдор менен сексологдордун чогуу изилдөө жүргүзүп, аялдардын төшөк катнашынан баш тартышынын себептерин тизмектешкен. Мындай себептерди талдай турган болсо, “нааразы болгон” эркектер өздөрүн да, төшөктөгү абалын да оңдой алат.

Сууп бара жаткан сезимди кайра жандандыруу керек чыгар?

  • Сууп бара жаткан сезимди кайра жандандыруу керек. Болгону мындайда эркек биринчи кадам жасаса жетиштүү болот.
  • Уктар алдында колунан кармап сейилдеп келиңиз (милдеттүү колунан кармоо керек).
  • Себепсиз бир тал гүл тартуулаңыз.
  • Сагынганыңызды айтып смс жазыңыз.
  • Аялыңыздын жалгыз калуусуна аракет кылыңыз (ага шарт түзүңүз).
  • Каалоосу болбосо да, төшөктүн сыртынан кучактап жатыңыз.

Ушунун баары аялыңыздын сууган сезимин кайра жандандыра турганына ишениңиз.

Кош бойлуу же жаңы төрөгөнбү?

Кош бойлуулуктун таасиринен же жаңы төрөгөндөн кийинки денедеги өзгөрүүлөрдүн таасиринен аялдар көбүнчө ушундай кылышат. Чыдаңыз. Мисалы, өзү курсагындагы баласы үчүн кыжалат болуп жүргөндө төшөк катнашы тууралуу ойлойт дейсизби? Мүмкүн, боюнда бар кезде же төрөгөндөн кийин дарыгер белгилүү бир убакытка чейин жыныстык катнашка барууга болбойт экенин айткан чыгар? Ал тууралуу сизге билдирүүдөн коркуп жүргөн жокпу? Ачык сүйлөшүп, колдой турганыңызды, жардам берериңизди айттыңызбы? Түшүнүүгө аракет кылыңыз.

Үй жумушунан чарчап жүргөн болсочу?

Аялдын жумушу эч качан бүткөн эмес. Үйгө кире калып баланын баары биринчи энесин издейт экенинен эле түшүнсөңүз болот. Үйдө 4 бала болсо, дасторкон үстүндө 4 суроо берип, ошонун баарына жооп берүүнүн өзү аялзатына түшкөн жүк. Ошол төрт балага кам көрүү да аялдын милдети. Ал эми жумуштан бөлөк үй иштерин да кошуңуз. Эгер аялыңыз ишемби, жекшемби күндөрү эс алып, өзүнө гана кам көрүп, башка эч нерсе кылбаса, ошондо “анда эмне үчүн мени түндө түртүп жатат?” деп таарынсаңыз орундуу болор, балким?!

Бирок, дем алыш күндөрү үй тазалап, даамдуу тамак жасап, кир жууп, конок тосуп, өзү бир саат эс албаса, анда аялыңыз чарчап жүрөт.

Жагымсыз болуп кеткен жоксузбу?

Аялдын жыл өткөн сайын мурунку назиктиги жоголо баштаган сыяктуу картайган сайын эркектин да өзүнө тарткычтыгы 25 жашындагыдай боло бербейт.Толуп, курсак чыгат же өтө арыктап, булчуң эттер серпилгичтигин жоготушу мүмкүн. Сакал-чачка эрте ак түшүп, тиштер саргаят. Ооздон жагымсыз жыт чыгып, түндө коңурук пайда болот. Бырыш түшүп, билектин күчү кетет. Тизмектей берсең, өзүнө кам көрбөгөн эркектен көптөгөн кемчиликтерди табууга болот. Ушундай эркектин кучагында аял жаткысы келеби, бул жөнүндө бир саамга болсо да ойлонуп көрдүңүз беле? Өзүңүз эле ырахат алып жүргөн жоксузбу?