7 декабря 2020
Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Эске салсак, кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилген болчу.
Мындан сырткары, президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, дин жана этникалык саясат бөлүмүн жетектеген Мира Карыбаевага чыккан өкүм дагы жокко чыгарылган.
Ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Эске салсак, Сапар Исаков бул иштер боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи май райондук соту Исаковду 247 миллион сомдук айыпка жыккан. Мурдагы премьер-министр Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча дагы 15 жылга кесилген.