Коронавирустан бөлөк кайсы ооруларда адам жыт сезбей калат? Дарыгердин пикири

7 декабря 2020 Коронавирустан бөлөк кайсы ооруларда адам жыт сезбей калат? Дарыгердин пикири

Адам жыт сезбей калса эле коронавирус жуктурду дегенди түшүндүрбөйт. Аталган белги башка ооруларда да кездешет. Бул тууралуу дарыгер-терапевт Елена Селькованын айтымына таянып РИА Новости жазды.

Дарыгер белгилегендей, сасык тумоо болгондо же аллергия курч кармаганда да адам жыт сезбей калат.

Коронавирус жуктурган адам деле жыт сезбей калат, бирок анда мурун бүтпөйт жана суу акпайт. Тескерисинче, мурундун ичи кургайт.

Мээде шишик пайда болгондо, Альцгеймер же Паркинсон оорусунда да жыт сезүү жоголот. Инфаркттан кийин дагы адам жыт билбей калышы мүмкүн.

Терапевттин айтымында, олуттуу өнөкөт ооруга кабылардан үч-төрт жыл мурда адамдын жыт сезүүсү жоголот. Андан кийин оор илдеттер байкала баштайт.

sputnik