Күлүп жүргүлө! Окумуштуулар узак жашоонун сырларын айтты

7 декабря 2020 Күлүп жүргүлө! Окумуштуулар узак жашоонун сырларын айтты

Ичимдик менен чылымдан баш тартуу, тамакты түрлөп, таптап жегендик да көп жыл жашоого мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

Америкалык окумуштуулар жаман адаттардан баш тартып, тамакты түрлөп жеп, дайыма күлүп жүргөн адамдын узак жашаарын аныкташкан. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Окумуштуулар атайын эксперимент жасап, 70 жаштан 90 жашка чейинки 832 аял менен 1 507 эркектин маалыматтарын чогултушкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында жайдары адамдар кабагын бүркөп жүргөндөргө салыштырмалуу 18 пайызга узак жашай турганы аныкталган. Илимпоздор кубаныч тартуулай турган бир нерсе менен алаксыш керек деген кеңешин беришкен.

Узак жашайм деген адам түрлөп тамак жеп, андан сырткары, диета кармашы керек дешкен окумуштуулар.

Ичимдик менен чылымдан баш тартуу дагы көп жыл жашоого мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

sputnik