Жаңы жыл майрамында кыргызстандыктар канча күн эс алары белгилүү болду

4 декабря 2020 Жаңы жыл майрамында кыргызстандыктар канча күн эс алары белгилүү болду

Кыргызстандыктар Жаңы жылда үч күн катары менен, тагыраары 1, 2, 3-январда эс алат. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

"1, 2, 3-январь — эс алуу күндөрү. Ал эми 4, 5, 6-январда иштейбиз. 7-январь — майрам, ал эми 8-январь кадимкидей эле иш күнү",— деп айтылат маалыматта.

Министрликтен быйыл иш күндөрүн жылдырбоону чечкендигин кошумчалашты.

sputnik