"Кайгуул кызматы чыкса, ат". Тапанча менен түз эфирге чыккан жигит кармалды

4 декабря 2020 "Кайгуул кызматы чыкса, ат". Тапанча менен түз эфирге чыккан жигит кармалды

Милициянын кайгуул кызматы мыйзамсыз негизде курал алып жүргөн деген жаранды кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 3-декабрда Instagram социалдык баракчасында ок атуучу курал менен түз эфирге чыккан белгисиз жигиттин видеосу пайда болгон.

Анда автоунаанын алдыңкы орундугунда отурган жигит түз эфир учурунда "Кайгуул кызматын көрсөң ат" деп тапанчаны улам айнек жакка такаганын көрүүгө болот.

sputnik