Аялына колдонулган памперстин калдыктарын жегизген эркек соттолду

3 декабря 2020 Аялына колдонулган памперстин калдыктарын жегизген эркек соттолду

Сот аны 6 жылга эркинен ажыратты.

Самарканд шаардык соту аялына колдонулган памперстин калдыктарын жегенге мажбурлаган жергиликтүү Шехроз Каримовду алты жылга эркинен ажыратты.

Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, 36 жаштагы Каримов “Өлүмгө чейин жеткирүү” жана “Ден соолукка атайын зыян келтирүү” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Сотто Каримов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, бирок аялына памперстин калдыгын жегизгенин четке каккан жок. Жабырлануучу Мустахкам Вахобова сот өкүмү менен макул экенин билдирген.

Быйыл жазда Самарканддын жашоочусу Мустахкам Вахобованы күйөөсү катуу сабап жатканда тартылган видео интернетке жарыяланган. Аял журналисттер менен жергиликтүү блогерлерге күйөөсү сегиз жылдан бери ичип, мас болуп, сабап, кемсинтип келе жатканын айткан.