Кытайлык визажисттин адам ишенгис укмуштуудай эмгектери (сүрөт)

2 декабря 2020 Кытайлык визажисттин адам ишенгис укмуштуудай эмгектери (сүрөт)

Эң кызыгы, Мими Чойдун сүрөтчүлүк билими жок. Өз жашоосун толугу менен өзгөртүп, дароо башка нукка буруудан коркпогон адамдардын кайраттуулугу дайыма башкаларга үлгү болот. Мындай кадамга баруу үчүн чоң ишеним менен баатырдык керек. Кытайлык Мими Чой аттуу аялды дал ушул адамдардын катарына кошууга болот. 

Мими Чой мектепте жөнөкөй мугалим жүрүп, кийин 28 жашында өзү каалаган жумуш эмес экенин билген соң, ал өзүнүн жүрөгү каалаган нерсе менен алектенүүнү чечкен. Ал визажисттин курсуна жазылып, өзүнүн жөндөмдүүлүгүн сынайт. Досторунун жардамы аркылуу ал көздү алдай турган укмуш эмгектерди жасоону үйрөнөт.

Бүгүнкү күндө ал дүйнөлүк деңгээлдеги визажист, ири компаниялар менен өнөктөштүктө иштейт.