Финпол Сарпашев ээлик кылган 530 гектар жерди мамлекетке кайтарды

1 декабря 2020 Финпол Сарпашев ээлик кылган 530 гектар жерди мамлекетке кайтарды

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевге карата ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал ээлик кылган 530 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Маалыматта учурда Финпол тарабынан Сарпашевдин мыйзамсыз байыганы туурасындагы иш иликтенип жатканы белгиленет.

"Тергөө учурунда экс-вице-премьер өз ыктыяры менен мурда өзүнө өткөрүп алган жайыт багытындагы 500 гектар жерди мамлекеттин балансына берүү ниетин билдирди. Мындан сырткары, Токтогул районундагы жакын туугандарына катталган 30 гектар сугат жерди кайтарды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бир жуманын аралыгында жогорудагы белгиленген жерлер Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлөрү айтылат.

Финполдун маалымат кызматы сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын белгилеп, иликтөө аягына чыга электигин эскертти.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголуп, кечээ, 30-ноябрда, суракка чакырылган.

sputnik