Instagram колдонуучулардан паспорт талап кылды

9 октября 2018 Instagram колдонуучулардан паспорт талап кылды

Instagramтармагынын басма сөз кызматы мындан ары колдонуучулардын документин көрсөтүү аркылуу аккаунтуна ээлик кыларын билдирди.

Текшерүүдөн өтүү үчүн колдонуучунун аккаунту бардык талапка ылайык болушу зарыл. Колдонуучу өз аты-жөнүн айтып, жеке күбөлүгүнүн көчүрмөсүн өткөрүү керек. Бардык жазуу текшерүүдөн өтпөйт. Бул тууралуу чечим кабыл алуу үчүн Instagram ар бир аккаунттун чын экенин, уникалдуулугун, толуктугун жана таанымалдыгын карайт.

Буга чейин Instagram тармагында жаңы кызмат түрүнүн пайда болгону маалымдалган эле. Эми колдонуучулар жазылуучулар арасында кимдин онлайнда олтурганын көрө алат. Колдонуучу каалабаса, тармакта олтурганын жашыра алат.