Чач тарачтын мыкты экенин кантип билсе болот. Адистин кеңеши

1 декабря 2020 Чач тарачтын мыкты экенин кантип билсе болот. Адистин кеңеши

Көп сандаган дипломдор менен мактоо баракчалары чач тарачтын кесипкөй экенинен кабар бербейт. Андан көрө социалдык тармактагы баракчаларына көңүл буруңуз.

Кесипкөй чач тарач менен өз ишин жакшы билбеген чач тарачты кантип айырмаласа болорун белгилүү стилист Игорь Хонинге таянып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымында, көп сандаган дипломдор менен мактоо баракчалары анын кесипкөй экенинен кабар бербейт.

"Андан көрө социалдык тармактагы баракчаларына көңүл буруңуз. Мисалы, Instagram баракчасы сапаттуу, кооз болсо, ал адам өзүнүн өнүгүүсүнө көп энергия, каражат жана эмгек жумшаганынын далили. Ошондой эле жакшы чач тарач кардарларына өтө кылдат мамиле кылып, кесиптик этиканы толугу менен карманат. Анткени ага ар бир кардар, анын пикири баалуу", — деди Хонин.

Ал ошондой эле мыкты чач тарачтын колунан келбей турган иш жок экенин билдирди.

"Ишин сүйгөн чач тарач туура эмес кыркылган же боёлуп калган чачты сынга албайт, башка шылтоолорду дагы издебейт. Башкача айтканда, кандай болбосун сиз каалагандай чач жасалгасын жасап, сизге жаккан өңгө боёп берүүгө аракет кылат", — деди адис.

Сөзүнүн аягында Хонин ар бир чач тарач кардардын каалоосунан тышкары адис катары өз пикирин айтышы керектигин кошумчалады.

sputnik