Адис адам шоколадга эмне үчүн жакын болорун айтып берди

1 декабря 2020 Адис адам шоколадга эмне үчүн жакын болорун айтып берди

Дарыгер шоколадды кечке эңсей берүү кадимки эле адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

Адамдын организми шоколадды ири алдыда депрессияга каршы зат катары талап кылат. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Анатолий Балага шилтеме кылып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымына караганда, бул таттуунун аны сүйүп жегендердин тишине эле эмес, саламаттыгына да зыянын тийгизүү кооптуулугу бар.

Бирок негизи шоколадды тоё жегиси келгендик адамдын организминде кайсы бир заттын жетишпестигинен кабар берет.

"Кишинин бул таттууга жакын экендиги анын организминин депрессияга каршы кайсы бир затка муктаж болуп жаткандыгынын белгиси", — деген медик.

Дарыгер адам шоколадды жеп, мээнин иштөө активдүүлүгүн жогорулаткысы келерин, себеби анын курамында кофеин бар экендигин кошумчалады.

Анткен менен Бала жогорудагы таттуу азыкты кечке эңсей берүү кадимки адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт. Ага адам чай же кофе сыяктуу көнүп калышы толук мүмкүн.

sputnik