Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.
Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.
"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.
Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.