Тогуз аял: Күйөө баланын туугандары колуктунун кыздыгын текшерип, видеого тартышкан

30 ноября 2020 Тогуз аял: Күйөө баланын туугандары колуктунун кыздыгын текшерип, видеого тартышкан

Өзбекстандын Хорезм облусунда күйөө баланын туугандары колуктунун кыздыгын текшеришти. Бир нече аял кызды мажбурлап чечиндирип, текшерүү процессин видеого тартышкан.

Окуя быйыл 7-октябрда Үргенч шаарында болгон. Ал эми тартылган видео ноябрдын аягында интернетке тараган.

Маалыматка ылайык, үйлөнүү тойдон кийин жигит аялынын кыздыгынан шекшиген. Ушундай жол менен туугандары “экспертиза” жүргүзүшкөн. Кыздын өгөй атасы бардыгы опузалоо максатында уюштурулган деп эсептейт.

“Орунсуз учурлар болду. Баары алдын ала пландалганы анык. Буга көз жумуп коёлу. Бирок, интернетке видеону жарыялап жатып, алар бардык хорезмдиктерди уятка калтырды. Кээ бирлер жада калса Түркиядан чалышып, жардам сунуштады”, - дейт Нуриддин Рахимов. Анын айтымында, күйөө бала мурда кыз зордуктаганы үчүн соттолгон, ал эми кыздын үй-бүлөсү бул тууралуу үйлөнүү тойдон кийин гана билишкен.

Күйөө тарап үйлөнүү тойго которулган акчаны кыздын үй-бүлөсүнөн талап кылганын, аны бере албагандан кийин алар видеону интернетке жарыялаганын айтышкан. Азыркы учурда видеого тарткан аялдар кармалган. Тергөө тогуз аялга катыштуу жүрүп жатат.