Досунун тоюна кош бойлуу алты аялы менен келген эркек элди таң калтырды (сүрөт)

30 ноября 2020 Досунун тоюна кош бойлуу алты аялы менен келген эркек элди таң калтырды (сүрөт)

Нигериялык жаран алты бирдей кош бойлуу аялын досунун үйлөнүү тоюна ээрчитип келип, көпчүлүктүн назарына илинди.

Лагоста Club Uno түнкү клубунун кожоюну Майк Эзе-Нвали Нвогу актёр досу Уильямс Учебмбанын үйлөнүү тоюна бардык аялын ээрчитип барууну чечкен.

“Сымбаттуу Майк” лакап аты менен таанымал жаран алты аялыны тең өзүнөн кош бойлуу экенине ишендирди.

The Sun басылмасынын маалыматына ылайык, Майк АКШда билим алып келген. Ал эми бүгүнкү күндө бир байбичеси менен алты токолу бар жаран досунун тоюна барган учурунда тартылган сүрөттөрдү өз Instagram баракчасына жарыялаган.

Натыйжада тойго келген коноктордун көңүлү жаш жубайларга эмес, алты аялын алып келген эркекке бурулган. Алты аялы тең тойго окшош түстөгү көйнөк кийип, эч тартынбастан башка коноктордун алдына чыгышкан. Социалдык тармактын колдонуучулары жаш жубайларды көлөкөсүндө калтырып, бардык көңүлдү өзүнө бурдурган эркекке сын-пикирлерди жаадырышты.