Аза кызматындагылар Марадонанын сөөгү менен фотосессия уюштурушкан. Сүрөт

27 ноября 2020 Аза кызматындагылар Марадонанын сөөгү менен фотосессия уюштурушкан. Сүрөт

Аргентинада аза кызматынын бир нече кызматкери табытта жаткан Диего Марадонанын сөөгү менен сүрөткө түшкөн жоругунан улам чыр чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү TN маалымат булагы жазып чыкты.

​Жарыяланган сүрөттөрдүн биринде мекеменин кызматкери Марадонанын маңдайына колун коюп, камерага карап бармагын өйдө көрсөтүп турганын көрүүгө болот.

Аза кызматынын өкүлдөрүнүн бул аракеттери Аргентина коомчулугунда кыжырданууну жаратып, кызмаркерлерди жазалоо талабы коюлган. Бюронун ээси ал кызматкерлердин бири жумуштан айдалганын, футболчунун үй-бүлөсүнөн кечирим сураганын билдирген.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда айтылган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

sputnik