Адистин айтымында, чымыр денелүү болуу үчүн сөзсүз эле машыгуу залына барып, бир нече саат убакыт коротуунун зарылдыгы жок.
Машыгуу залына барып, сергек жашоо образын баштагысы келип, бирок ага таптакыр убакыт таппай жүргөн адамдар кантип дене-боюн калыбына келтирсе болорун РИА Новости агенттигине мүчөнү идеалдуу формада кармоого үйрөткөн Sekta мектебинин куратору Ия Морозова айтып берди.
"Кымгуут шаарда жашап, иштеген адамдарга жеке өзү үчүн бош убакыт табуу татаал экени айтпаса деле түшүнүктүү. Өзгөчө жаш балдары бар ата-энелерге бул нерсе кол жеткис кыял бойдон кала берет. Бирок ашыкча салмаксыз, чымыр денелүү болгусу келгендер айласын тапса болот", — деди Морозова.
Анын айтымында, бул үчүн сөзсүз эле машыгуу залына барып, бир нече саат убакыт коротуунун зарылдыгы жок.
"Машыгууну жаңы баштап жаткандар үчүн эртең менен 15 мүнөт 2-3 көнүгүү жасап коюу жетиштүү. Акырындык менен түшкө маал дагы 10-15 мүнөт тапса болот. Качан гана буларга көнүп калганда кечкисин балдарга үй тапшырмасын аткарууга жардам берип жатып же үйдөгүлөр телевизор карап отурганда дагы 2-3 көнүгүү жасай калыңыз", — деди адис.
Мындан тышкары, ал учурда интернетте кыска убакытка ылайыкталган, бирок жакшы жыйынтык берген көнүгүүлөр өтө көп экенин кошумчалады.
Ошондой эле Морозова беш күн бою "кыймылдабай" жатып, дем алыш күндөрү машыккандан көрө күн сайын аз-аздан кыймылдап туруу пайдалуураак экенин айтты.