Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

26 ноября 2020 Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

sputnik