Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды

25 ноября 2020 Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды

Мамашова жок жерден пайда болгон чыгымдарга жол берилип жатканына нааразы болуп чоо-жайын териштирүүнү талап кылды.

Чет өлкөдөн алынып жаткан каражаттар убагында өздөштүрүлбөй, мунун айынан айып пул салынып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү каралып жатканда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2020-жылы өздөштүрүлбөй калган кредиттер үчүн Кыргызстан 99,4 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Мамашова ушул сыяктуу жок жерден пайда болгон чыгымдарга жол берилип жатканына нааразы болуп чоо-жайын териштирүүнү талап кылды.

"Биз алынган кредитти колдонбой койгонубуз үчүн айып пул төлөп жатабыз. Бул эки эсе күнөө! Буга жол берген ар бир жетекчи жазаланышы керек. Тилекке каршы, ушул кезге чейин бир дагы орган же жетекчи жоопко тартылган жок. Алардын айынан салынган айыптарды элибиздин салыгынан төлөп жатабыз", — деди Мамашова.

Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 2020-жылы алынган кредит, гранттардын колдонулушу боюнча комиссия түзүлгөнүн айтты.

sputnik