Министрлик тосмо арызга карабай сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот

25 ноября 2020 Министрлик тосмо арызга карабай сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Сокулукта сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот. Бул тууралуу Ализа Солтонбекова парламентте министр кызматына талапкерлиги каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, учурда ал бала чоң энеси менен Ат-Башы районунда турат. Социалдык кызматкерлер көзөмөлгө алып карап жатышат.

"Баланын апасы кош бойлуу экен, ал кайра тосмо арыз жазып, жолдошун чыгарып коюуну суранып жатат. Бирок мыйзамда ага жол берилбейт, кандай учур болбосун бардыгы так көрсөтүлгөн. Биздин министрликтин балдар менен иштеген бөлүмүнүн адистери сотторго катышып, баланын укугун жактайт. Бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз", — деди Солтонбекова.

Белгилей кетсек, Сокулук районунда өгөй атасы сабаган алты жаштагы баланын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Маалыматты жеткинчектин апасы тараткан. Андан соң өгөй атасын милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

sputnik