Адистер эң коопсуз авто унааларды аташты

24 ноября 2020 Адистер эң коопсуз авто унааларды аташты

Consumer Reports журналынын серепчилери дүйнөдөгү эң коопсуз авто унааларды чыгарган бренддердин рейтингин түзүштү.

Тизменин көч башында жапондук Mazda компаниясы турат. Ал 100 баллдан 83 упай жыйнады. Серепчилердин пикиринде, эң ишенимдүү модельдер: MX-5 Miata, CX-30, CX-3. Рейтингдеги экинчи орунду Toyota бренди алды (74 упай). Адистер Prius, Corolla жана Prius Prime моделдерин бөлүп көрсөтөт.

Үчүнчү 71 упай алган Lexus унаалары. Эң ишенимдүү аналитикалык модельдер иUX, NX жана GX.

Ошондой эле, алгачкы ондукка Buick, Honda, Hyundai, Ram, Subaru, Porsche жана Dodge сыяктуу авто өндүрүүчүлөр кирди.

Рейтинг 330 миң айдоочунун маалыматына негизделген. Изилдөөчүлөр машиналардын коопсуздугу, кемчиликтери тууралуу айтышкан. Талдоочулар маалыматтарды ар тараптуу изилдөө менен айкалыштырып, упайларды беришет.