Тёплые Ключи тоосунан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

23 ноября 2020 Тёплые Ключи тоосунан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Аламүдүн районунун Тёплые Ключи тоосу тараптан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери тактоо иш-чараларын жүргүзүп, маркумдун Нарын облусунда туулган 19 жаштагы О.Э. аттуу жаран экени аныкталган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Бул кылмыштын бетин ачууну Ички иштер министрлигинин жана Чүй ОИИББдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алганы белгиленет.

sputnik