Дарыгер: коронавируска суук кошулуп колдун терисин "талкалап" жатат

23 ноября 2020 Дарыгер: коронавируска суук кошулуп колдун терисин "талкалап" жатат

Коронавирустан сактануу үчүн колду бат-баттан жууп, антисептикалык каражаттарды колдонуп жүргөн маалда суук түшүп, терини ого берет жабыркатып жатат. Бул тууралуу дерматолог Алексей Едемский айтып, териге жардам берүү жолдорун дагы сунуштады.

"Жылытуучу жабдуулар иштеп турган жылуу жерге киргенде колдун териси кургай баштайт. Ал эми суукка чыкканда кесилет. Анын үстүнө бат-баттан самындап жууп, курамында спирти бар каражаттар менен сүргөнүбүз теринин майын соруп алат. Тери канчалык калыбына келүүгө аракет кылса дагы мүмкүнчүлүгү жетпей жаткан учур", — деди адис.

Бирок дарыгер коронавирустан сактоочу санитардык каражаттардан баш тартпоого чакырат. Ошондой эле аны менен катар терини нымдап, азыктандырып туруучу кремдерди мурдагыдан эки-үч эсе көбүрөөк колдонуп турууну сунуштаган.

Ал мындай учурда териге курамы өтө жөнөкөй, жыты жок бет майлар пайдалуу экенин кошумчалады.

sputnik