Эже-сиңди Шевченколордун энеси дүйнө чемпиону болду. Видео

23 ноября 2020 Эже-сиңди Шевченколордун энеси дүйнө чемпиону болду. Видео

Кыргызстандык Елена Шевченко тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль алды. Турнир онлайн-режимде өткөн.

Елена Шевченконун чемпионатка катышкан видеосу Муай-тай боюнча ышкыбоздордун эл аралык федерациясынын YouTube каналына жарыяланды.

Спортчулар камерага өздөрүнүн техникасын, ылдамдыгын жана өзгөчө ыкмаларын көрсөтүп берүүлөрү керек болгон. Үч раунд бою аларга судьялар көз салып турган. Кыргызстандык спортчунун финалдагы каршылашы АКШлык Паскаль Фернандес болгон. Жыйынтыгында жеңишти 30:27 эсеби менен Шевченкого ыйгарышкан.

Елена Шевченко -  UFC уюмунун мушкерлери Валентина жана Антонина Шевченколордун энеси. Кечээ күнү өткөн турнирге мушкерлердин экөө тең катышты. Валентина бразилиялык каршылашы Женнифер Майяны жеңип, чемпиондук титулун коргоп калды. Беттеш беш раундга созулду. Ал эми Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липскини техникалык нокаут менен утуп алган.

sputnik