80 жаштагы британиялык аял 35 жаштагы мусулман жигитке турмушка чыкты

23 ноября 2020 80 жаштагы британиялык аял 35 жаштагы мусулман жигитке турмушка чыкты

80 жаштагы британиялык аял 35 жаштагы сүйүктүүсүнө турмушка чыгып, жубайлар элдин алдында төшөк катнашы тууралуу айтып мактанышты.

Улуу Британиялык Соммерсет падышалыгында жашаган Айрис Джонс египеттик сүйүктүүсү Мухаммед Ахмед Ибрахимге турмушка чыкты. Алар телешоудо конок болгондон кийин бүткүл Улуу Британияга таанылды.

Жубайлар 2019-жылы интернет аркылуу таанышып, сүйлөшө баштаган. Андан кийин аял Каирге сүйүктүүсүнө учуп барат. Эфирде алар төшөктөгү мамилелерин, жыныстык жашоосунун майда-чүйдөсүнө чейин айтып беришти. Көпчүлүк аларды сынга алса, башкалары таң калышкан.

Сүйүктүүсү үчүн британиялык аял ислам динин кабыл алган. Күйөөсү махабат үчүн гана кошулганын айтып актанат. “Мен анын жарандыгын же анын акчасын каалабайм. Мен өз жашоомо ыраазымын, иштейм, Аллага шүгүр, менин жеке топтогон акчам да бар”, - дейт Ибрахим.

Ибрахим сүйүү сокур экенин жана анын жары өз апасынан 20 жашка улуу болгону да тоскоол эмес экенин айтат.

Ибрахим ширетүү инспектору болуп иштечү. Ал сүйүктүүсүнө көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн жумушун таштаган. Ал үч бөлмөлүү үйдө эки иниси жана эки эжеси менен турчу. Ал эми ялынын өзүнүн үйү бар жана ар жума сайын майыптык боюнча пенсия алат. Айрис мурун турмушка чыгып, бирок 40 жыл мурда ажырашып кеткен.