Төшөк катнашы учурунда көз жумду: 19 жаштагы жигит сойкуну өлтүрүп алды

23 ноября 2020 Төшөк катнашы учурунда көз жумду: 19 жаштагы жигит сойкуну өлтүрүп алды

Жигит “кызыкка батып жаткан учурда” сойку кыздын жүрөгү кандай токтоп калганын байкабай калган, деп жазат kaz.nur.kz сайты.

Казакстандын Темиртоо шаарынын жашоочусу 19 жаштагы сойку кызды жыныстык катнаш учурунда кокустан муунтуп өлтүрүп алган. Окуя ушул жылдын май айында орун алган.

19 жаштагы жигит “кыз жалдоо” тууралуу чечим кабыл алган. Ал интернет аркылуу “оюндагысын” табат. Ал кыздын кызматы үчүн саатына 25 миң тенге сунуштаганы белгилүү болду. Жигит бир саатка макулдашып, көрсөтүлгөн дарекке барат.

Кийинчерээк дагы бир саатка узартып, кызга баары 50 миң тенге төлөгөн.

“Кызмат көрсөтүү учурунда” кыз төшөк катнашын түрдүү ыкма менен улантууну сунуштаган. Ал аутоасфиксия элементтери менен уланткысы келген. Кардар сексуалдык аракеттери учурунда кыздын тамагын кыса баштайт. Кыздын талабы боюнча өзүнүн курун колдонгон. Курду моюнуна тагып, жигит “кызыкка батып жаткан убакта” кыздын жүрөгү токтоп калган.

Бул окуядан кийин ал столдун үстүндөгү 50 миң тенге менен маркумдун уюлдук телефонун алып, батирден кетүүгө шашкан. Колго түшкөн учурда жигит күнөөсүн моюнуна алат.

Ага дароо Кылмыш кодексинин эки: “Кокустан адам өлтүрүү” жана “Уурулук” бөлүмү боюнча айып тагылат. Сот 1,5 жылга эркинен ажыратып, акчалай айып салды.