Samsung жылдын аягына чейин бүктөлмө смартфон чыгарат

9 октября 2018 Samsung жылдын аягына чейин бүктөлмө смартфон чыгарат

Samsung алгачкы бүктөлмө смартфонду жыл аягына чейин көрсөтүүгө даярданып жатканын маалымдады, деп life.ru порталы кабарлайт.

Бул түзмөктүн дисплейи ийилчээк, ары органикалык жарык диодго негизделген.

Мындай маалыматты компаниянын мобилдик бөлүмүнүн башкы директору GSM-Arena басылмасына берген маегинде айткан. Анын айтымында, вендор бүктөлмө смартфон мүнөзүнө ээ Galaxy сериясындагы түзмөк менен иштөөдө. Азырынча анын кантип иштей тургандыгы жөнүндө анык маалымат жок. Түзмөк же ичке карай бүктөлүшү мүмкүн, же дисплей өзү менен бирге корпусту да айландырат.

Билгилей кетсек, бир нече күн мурда компания инсайдерлери Samsung алгачкы төрт камералуу смартфонду чыгарганы жатканын маалымдаган. Бүктөлмө түзмөк менен төрт камералуу аппарат - ошол айтылып жүргөн бир эле смартфон деген да версиялар бар.