13 жаштагы кызга үйлөнгөн 48 жаштагы фермердин үйлөнүү тоюндагы сүрөтү элди шок кылды

19 ноября 2020 13 жаштагы кызга үйлөнгөн 48 жаштагы фермердин үйлөнүү тоюндагы сүрөтү элди шок кылды

Филиппиндик кыз 13 жашында 48 жаштагы кишиге турмушка чыкты. Кыз анын бешинчи аялы, деп Daily Mail басылмасы кабарлайт.

Ал күйөөсүнүн өзү менен тең балдары менен жашайт. Үйлөнүү тою жергиликтүү мусулмандардын каада-салты менен өтүп, эки жактын туугандары катышкан. Кыздын күйөөсү болгон фермер Абдулрзак Ампатуан өзүнүн чоң аялынан туулган балдарына камкордук көрүү үчүн жаңы аял алганына кубанганын айтты. Күйөөсү кыз 20 жашка толгонго чейин төрөбөйт экенин айтат.

Күйөөсү “аны менен убакыт өткөрүү” үчүн аялына чакан үй салып берип, анын окуусуна акча төлөп турууга убада берген.

Жаш жубайлар турган Минданао мусулман аймагынын мыйзамына ылайык, эркектер 15 жашында, ал эми кыздар биологиялык куракка жеткенде турмуш кура алат. Филиппин жашы жете элек келиндердин саны боюнча дүйнөдөгү экинчи мамлекет, алардын саны 726 миңден ашат. Өлкөдөгү бардык кыздардын 15 пайызы 18 жашка чыкпай турмушка чыгат. Өлкөдө ажырашууга мыйзам менен тыюу салынгандыктан, алардын абалы оор болуп саналат.