Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда президенттин укугу кыйла кеңейет. Төмөндө сунушталып жаткан ченемдерди келтирип, азыркысы менен салыштырабыз.
Конституциянын сунушталып жаткан жаңы долбоорунда президенттин укуктары кыйла кеңейет.
Эскерте кетсек, долбоор Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлган.
Төмөндө президенттин укуктары өзгөргөн жоболор гана белгиленди. Ал эми кашаанын ичинде ушу тапта иштеп жаткан Конституциянын нормалары келтирилген.
президент өлкө башчысы болуп, аткаруу бийлигинин башында турат (аткаруу бийлиги болуп өкмөт эсептелинет);
президент өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт (сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, премьер-министр менен болгон макулдашуудан кийин эл аралык келишимдерге кол коет. Өкмөт өлкөнүн ички жана тышкы саясатын жүргүзөт. Бирок тышкы жана ички саясатты ким аныктай турганы жазылган эмес);
президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен өкмөт башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын дайындайт (өкмөттүн дээрлик толук курамын Жогорку Кеңеш шайлайт, президент дайындоо жөнүндөгү жарлыктарга кол коет. Эгер үч күндүн ичинде кол коюлбаса, өкмөт мүчөлөрү дайындалган болуп эсептелинет);
президент өкмөт башчынын, анын орун басарларынын, министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын отставка тууралуу арызын кабыл алат, отставкасы тууралуу чечим кабыл алат (президент өкмөт мүчөлөрүнүн ыктыярдуу отставкасы тууралуу арыздарга кол коет же четке кагат. Мындан тышкары, өкмөт башчынын өтүнүчү менен иштен ала алат. Жогорку Кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөткөн учурда өкмөттү толугу менен отставкага кетирүүгө макул болот же баш тартат);
президент министрлерди же мамлекеттик комитеттердин төрагаларын өз ыктыяры менен же Элдик курултайдын сунушунун негизинде кызматтан бошотот (өз ыктыяры менен УКМК жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагаларын иштен ала алат, премьер-министрдин сунушу менен өкмөттүн башка мүчөлөрүн кызматтан бошото алат);
президент аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот (бардыгын премьер-министр дайындап, бошотот);
президент жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот (премьер-министр дайындайт жана бошотот);
президенттин ишмердүүлүгүн камсыздаган администрацияны түзөт (учурда президенттик аппарат тескейт);
президент Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт, Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гвардияны түзөт (мыйзам негизинде түзүлгөн Коопсуздук кеңешин жетектейт. Күзөт кызматы менен Улуттук гвардия тууралуу Конституцияда айтылбайт. Күзөт кызматы УКМКнын курамына кирет);
Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет (мыйзам жазуу боюнча укугу жок);
жыл сайын элге өлкөдөгү кырдаал боюнча кайрылуу жасайт (Конституцияда мындай норма жок);
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл аралык келишимдерге кол коет, бул укуктарын башка жетекчилик кызматтагы адамдарга бере алат (сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, премьер-министрдин макулдугу менен эл аралык келишимдерге кол коет, бул укуктарын башка бирөөгө бере алат);
чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрдү дайындайт; чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынан ишеним грамоталарды кабыл алат (айтылгандын баары премьер-министрдин макулдугу менен ишке ашат);
Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктарын ишке ашыра алат (Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарын гана ишке аыра алат).
Эскерте кетсек, материалда президенттин ыйгарым укуктары өзгөрбөгөн ченемдер камтылган жок.