АЯЛдын төшөктөгү “КУМАРЫ” КАН ТОБУнан билинет

18 ноября 2020 АЯЛдын төшөктөгү “КУМАРЫ” КАН ТОБУнан билинет

Төшөктөгү “мүнөз” кандын тобуна байланыштуу экенин бири билсе, бири билбейт деле болуш керек.

Төшөктөгү кумар денедеги кандын “ойноосуна” жараша болорун чет элдик окумуштуулар изилдешкен. Эмесе, биз көп созбой эле кандын кайсы тобунун кандай өзгөчөлүуктөрү бар экендигин айтып берели. Башкача айтканда, жубайлардын ортосундагы төшөк катнашынын ысык же салкын болушу, кумары канбай ашыгуу жана жөн эле күйөөлүк-аялдык милдет катары мамиле кылуу – мунун баары аялдын сексуалдык темпераментине жана кан тобунун таасирине байланыштуу экендигин өзүңүз байкап көрүңүз.

І ТОПТОГУ КАН

Биринчи топко кирген болсоңуз, темпераментиңиз жогору, төшөктөгү кыймылыңыз күйөөңүздү “күйдүрүп-жандырып”, эстен тандыра алган аялдын касиети бар. Төшөктөгү катнаштын жүрүшүндө сиз абдан күчтүү боло аласыз. Чарчоону билбейсиз, жолборс сыяктуу “тоюмсуз” да көрүнүшү мүмкүн. Албетте, сиз үчүн жыныстык катнаш күчтүү кумарлануу менен өткөнү маанилүү. Бирок, сиздин кайраттуу мүнөзүңүздү эске алсак, оңой менен “даярдыксыз”, дароо боло турган жыныстык катнаш көңүлүңүзгө жакпайт.

ІІ ТОПТОГУ КАН

Эгер сиздин каныңыз ІІ топко кирсе, І топко карама-каршы мүнөздөсүз. Сизге карьера анча маанилүү эмес, бирок өзүңүздүн жеке пайдаңыз үчүн иштейсиз. Төшөктө да да ошондой эле. Күйөөңүздү жаныңыздан алыстаткыңыз келбегендиктен, анын каалоосуна каршы боло албайсыз жана өзүңүздүн каалооңузду ичиңизде кармап турасыз. Өзүңүздү аябай жакшы көрөсүз. Ошондуктан баарын биринчи өзүңүз үчүн жасайсыз. Күйөөңүзгө эркелеп, аны төшөктө канааттандыра аласыз. Алгач өзүңүз рахат алууну эмес, рахат тартуулоону ойлоп турасыз.

ІІІ ТОПТОГУ КАН

ІІІ топтогу канга ээ аялдар жубайлык өмүрдө жыныстык катнашка анча маани бере беришпейт. Бирок, бул төшөк катнашын жактырбайт деген сөз эмес. Ал уктоочу бөлмөдөгү “оюнду” жакшы билет. Кайсы учурда күйөөсүнө лаззат тартуулап, кайсы учурда өзүнө көңүл бөлүү керектигин түшүнөт. ОРГАЗМга бирге жетүүгө болгон күчүн жумшайт. Ал эми уктоочу бөлмөдө сонун “актриса”. Бирде өтө назик, уяң аялга айланса, бирде “жапайы айбандын” кылыгын жасай алат. Алар төшөктөгү окшоштуктан тез тажайт. Ошондуктан, төшөк катнашын да түрлөп турганды туура көрөт. Жаңычылдыкка кумар болгондуктан, күйөөсүнөн да “төшөктөгү жаңычылдыкты” күтөт.

ІV ТОПТОГУ КАН

Бул сейрек кездешкан кан тобу. Ушул кан тобуна ээ аялдар жыныстык катнашты “майда-чүйдөсүнө” чейин билишет. Күйөөсүн да комплекстеринен арылтып, ага ишенимдүүлүк тартуулай алат. Эркиндик берет. Оргазмга оңой жете алат. Мындай аялдар төшөктө эксперимент жасаганды жакшы көргөндүктөн, күйөөсүнүн да айтканын орундата алат, өзү каалаганын жасоого мүмкүндүк берет.