Сибирь аймагында SARS-CoV-2 боюнча "белгилүү бир өзгөрүүлөр" бар экени айтылып, Роспотребнадзор буга өз баасын берген.
Сибирде коронавирустун мутациясы аныкталган учур катталды. Бул тууралуу россиялык санитардык дарыгер Анна Попова "COVID-19 коронавирустук инфекция жөнүндө жаңы илимий маалыматтар" симпозиумунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал белгилегендей, аймакта SARS-CoV-2 боюнча "белгилүү бир өзгөрүүлөр" бар. Попова муну ал жерде "белгилүү бир мутациялар менен өзүнүн варианты калыптанып жатат" деп айтууга мүмкүндүк берерин божомолдойт.
Ал арада Роспотребнадзордун маалымат кызматы Сибирь аймагында өзүнүн коронавирус боюнча варианты жок экенин тастыктаган.
Буга чейин Попова Россияга Европа жана Азия өлкөлөрүнөн (Кытайдан эмес) SARS-CoV-2 инфекциясынын бир канча түрү өтүп келгенин билдирген.
Роспотребнадзордун башчысы түшүндүргөндөй, Сибирь аймагынан табылган мутация козгогучту күчөтпөйт жана эпидемиологиялык аспектилерге таасир эте албайт.