Президенттин укуругу узарып... Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги учурлар

18 ноября 2020 Президенттин укуругу узарып... Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги учурлар

Демилгечи болгон 80 депутат президенттик шайлоо менен катар эле референдумду өткөрүп коюуну сунуштап жатышат.

2021-жылдын 10-январына дайындоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

"Элдик курултай институтун киргизүү, өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөө менен президенттин, өкмөттүн институттарын кайра форматтоо, парламент институтунун курамын сан жагынан тактоо, башка мыйзамдык жаңычылдыктар сунушталат", - деп айтылат негиздеме-маалыматта. 

Курултай:

Мыйзам долбоору менен Элдик курултай (Конституциянын 7-беренеси) формасында элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу органын орнотуу сунушталат;

Элдик курултай өз ишин президент, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенип жүргүзөт;

Элдик курултайга өзүнүн ыйгарым укуктарынын арасында Элдик курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчетторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет;

Элдик курултайды түзүүнүн, ошондой эле уюштуруунун жана ишинин тартибин Конституция жана  конституциялык мыйзам менен жөнгө салуу сунушталат.

Президент:

Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт. Ал мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана 5 жылга шайланат, бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес;

Өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөө менен президенттик жана өкмөттүк институтту кайра түзүү президент өкмөттүн башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын дайындоосун карайт. Бул дайындоолор Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт;

Президент өзүнүн демилгеси же Элдик курултайдын сунушу боюнча министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын бошотууга укуктуу, ал аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошото алат;

Президентке мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүүгө жана өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө ар жылы элге кайрылуу жасоого укук берилет;

Мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринин санын оптималдаштыруу үчүн өкмөттүн иши президенттин администрациясы тарабынан камсыз кылынат;

2020-жылдагы октябрь окуяларынан сабак алуу менен президент Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда анын ыйгарым укуктарын жаңы президент дайындалганга чейин өкмөт башчысы аткарат;

Президенттин ыйгарым укуктарын өкмөттүн башчысы аткаруу мүмкүн болбогон учурда президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы жүргүзөт.

Парламент:

Элдик массанын талаптарын, президенттин жана өкмөттүн институттарын кайра форматтоону эске алуу менен Конституциянын Жогорку Кеңешке тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык, 5 жылга шайлануучу 90 депутатты шайлоого сунуш киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мажоритардык же пропорционалдык система боюнча (партиялык тизме боюнча) шайланган депутаттардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат;

Мамлекет башчысы тарабынан өкмөттү түзүүнү парламенттин макулдугу менен жүргүзүү каралат. Жогорку Кеңеш президенттин ар жылдык кайрылууларын жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угат;

Парламентке Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен каралган башка ыйгарым укуктар да берилет;

Мыйзам чыгаруу ишинин практикасын эске алуу менен мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилеринин санын, аларга президентти жана өкмөт башчысын, алардын карамагындагы маселелер боюнча Конституциялык жана Жогорку сотторду кошуу менен кеңейтүү сунушталат;

Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, өкмөткө жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөйт. Өкмөттүн жана ага баш ийген органдардын актыларын алып салат, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын кызмат орундарынан четтетет.  

Өкмөт:

Мамлекет башчысынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин президент жана ага баш ийген Кыргыз Республикасынын өкмөтү жүргүзөрүн билдирет;

Өкмөт өкмөт башчысынан, анын орун басарларынан, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат;

Өкмөттүн түзүмү жана курамы президент тарабынан аныкталат;

Президент өкмөттүн жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу.

Конституциялык палатаны Жогорку соттун курамынан чыгарып, аны Конституцияда жана конституциялык мыйзамда аныкталган компетенциясы менен Конституциялык сотко түзүү сунушталат. Мында Конституциялык соттун ыйгарым укуктарына кошумча төмөнкүлөр таандык кылынат: президенттин,  Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун суроо-талабы боюнча Конституцияны кароо жана расмий чечмелөө, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү, ошондой эле президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө корутунду берүү.

Ошол эле учурда конкреттүү иште колдонулуучу жарандардын укуктарын жана эркиндигин бузууга доолор, соттук коргоонун бардык ички мамлекеттик каражаттары колдонулуп бүтсө, Конституциялык сот тарабынан кабыл алынышы сунушталат.

Конституциянын жаңы редакциясы менен киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү эске алып Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин тактоо сунушталат. Мында андай түзөтүүлөр президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн же 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча кабыл алынат.

Ал эми референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору беш беренеден турат. Аларда референдумду дайындоо, референдумга коюлуучу суроо, референдумда жооп алынуучу суроонун формасы ("ооба" же "жок") жана жообу, өкмөткө, БШКга референдумду өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмасы жана күчүнө кирүү шарттары каралган.

Бюджеттин чектелүү экендигин эске алып, референдумду өткөрүү күнүн 2021-жылдын 10-январына дайындалган президенттик шайлоону өткөрүү күнү менен бириктирүү сунушталган.

Буга Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгечи болгондугу айтылды.

Документ менен ЖКнын сайтынан толук таанышууга болот.

sputnik