Болот Шамшиевдин автоунаасын өрттөгөндөр кармалды

30 ноября 2018 Болот Шамшиевдин автоунаасын өрттөгөндөр кармалды

Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин машинесин уурдап, андан кийин өрттөп жибергендер кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева билдирди.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка аралашкан адамдардын биринин аты-жөнү белгилүү болгон. Аны Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү катары кармаган.

Бишкектин Свердлов райондук бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматкерлери аны менен бирге кылмыш жасаган деп дагы эки адамды кармады. 24 жана 25 жаштагы шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сурак учурунда алар режиссерго тиешелүү "Мерседес" автоунаасын жөн гана карактоо максатында уурдап, кийин кылмышын жашыруу үчүн өрттөп жибергенин моюнуна алышты.

8-ноябрда машинесин белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, андан кийин өрттөп жиберишкенин Болот Шамшиев өзү айтып чыккан. Буга байланыштуу ал Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө арыз жазган. Тартип сакчылары өрттөнгөн машинени Чүйдүн Молдовановка айылында табышкан.

Болот Шамшиевдин маалыматына караганда "Мерседес" үлгүсүндөгү машине 1989-жылы заводдон чыккан. Режиссер аны 1993-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Люксембургда элчи болуп турган кезде алганын, ал анын документтерин даярдоого көмөктөшкөнүн жана аны Кыргызстанга өзү айдап келгенин айтты. Шамшиев белгисиз бирөөлөр машине ага таандык экенин билип туруп, "атайлап уурдашкан" деп эсептейт.

Кыргызстандын жана СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 77 жашта. Ал тарткан "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмалар калың элге кеңири белгилүү. (ErN)

 

Булак: azattyk.org, фото - Courtesy Photo