Москванын Павелецкая метро станциясында 17 жаштагы кыргызстандык кыз бешинчи кабаттагы үйдөн кулап кетти. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилиги билдириди.
Маалыматта 16-ноябрда элчиликтин юристи медициналык мекемеге барып мекендештин абалы менен таанышканын айтылат. Ал Кыргызстандын жараны экени жана кокусунан кырсык торуп терезеден кулап кеткени белгилүү болгон.
"Кырсыктаган кыз Баткен облусунда туулган, бул жакта апасы менен жашачу. Москва районунун Дедовск шаарында окуй турганы антыкталды. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө механикалык желдетүүнүн жардамы менен жатат. Дарыгердин айтымында, кыздын абалы өтө оор. Жүрөк менен өпкөсү жабыркаган, бөйрөгү жарылып, жамбаш сөөктөрү сынган жана баш мээси чайкалган", — деп айтылат маалыматта.
Бул маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынган. Азыркы тапта ага операция жасатуу үчүн мекендештердин аракети менен каражат чогултулуп жатат.