Салык кодексин талдоодо мурда киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор натыйжа бербегенин жана салык төлөөчүлөрдүн нааразычылыгын жаратып келгенин көрсөткөн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков эки айдын аралыгында Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууга тапшырма берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кечээ өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи кеңешмеси өткөн. Анда Новиков экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири Салык кодекси экенин белгилеген.
"Салык кодекси салык төлөөчүлөрдүн нааразычылыгын жаратып келет. Жаңы Салык кодексин кабыл алууга убакыт келип жетти. Жаңы редакция эскиче ыкмаларды жоюп, жөнөкөй жана салык төлөөчү үчүн түшүнүктүү болушу керек. Бизнес үчүн бардык салыкты жана социалдык төлөмдөрдү бир документке бириктирүү зарыл. Андыктан түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Салык кодексинин жаңы редакциясын жана тийиштүү ченемдик-укуктук актылардын пакетин даярдашы абзел", — деди Новиков.
Ал, ошондой эле, жаңы кодекс бизнес өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун талкуусунан өткөрүлүп, анан Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кароосуна киргизилиши керектигин белгилеген.